www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын жаңы Жогорку лидери аятолла Можтаба Хаменеинин абалы жакшы жана жакында жаңы кайрылуу жасашы мүмкүн. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Эсмаил Багаи билдирди.

"Мен анын абалы жакшы экенин айта алам", - деди Багаи NDTV телеканалына берген маегинде.

"Сиздер анын кайрылуусун буга чейин уккансыздар жана ал жакында коомчулукка дагы бир кайрылуу жасайт деп үмүттөнөм", - деп баса белгиледи Ирандын тышкы иштер министринин орун басары.

Ал Жакынкы Чыгыштагы жаңжал "АКШ менен Израилдин Иранга каршы таңуулаган согушу" экенин белгиледи. "Ирандыктар өз мекенин коргоого бел байлашты жана биз азыр ушуну менен алектенип жатабыз", - деди Багаи.

 

Последние новости