www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жакын санаалаш, үзөңгүлөш досу, Кыргызстандагы бирден-бир таасирдүү күч катары саналган Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагасы кызматынан алынганына бир айдан ашты. Андан бери бул саясий бороондун илеби бир катар жогорку кызматтагы жетекчилерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин жетти.

Бүгүнкү күнгө дейре бир нече министрлер, губернатор, мэрлер иштен алынды. Онго жакын депуттар мандатын тапшырды. Алсак, Эльдар Сулайманов, Тургунбек уулу Нурланбек, Кундузбек Сулайманов, Жанар Акаев, Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шайырбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева парламент менен кош айтышты.

Алдыда дагы бир топ депутаттар мандаттарын тапшырышы мүмкүн экендиги сөз болуп жатат. Азырынча расмий арыз жазыша элек, бирок кетет дегендердин катарында, Алишер Козуев, Камила Талиева, Карыбек уулу Улукбек, Карим Ханджеза, Адилет Белеков, Умбеталы Кыдыралиев жана башка бир канчалардын ысымдары аталууда.

Последние новости