www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Алланын амири менен Эл башына келип, мамлекетти башкарууга аракет кылып жатасыз. Сизде Кыргызстанды өзүңүзгө чейинки кесиптештериңиз түшүргөн туңгуюктан чыгарып, эл сүйгөн Эл башы болуп калууга өтө чоң мүмкүнчүлүк бар.
Карапайым элдин ырыскысына кол салып байыган жемкорлорду, арам тамактарды алдыңызга чакырып, жеп-ичкендерин кайтарыңыз., кустуруңуз. Бул багытта Сиз "тууган урук, тели-теңтуш, партиялаш, кошуна, куда-сөөк, жэк жаат" деген түшүнүктөрдөн алыс болуңуз.
Сизде эми "КЫРГЫЗСТАН" деген бир гана тууган, бир гана жек жаат бар. Өлкөнү ушундай ит мингендей абалга алып келген КОРРУПЦИОНЕРЛЕРДИН баарын кустуруп, казынага кол салган ууру-кескилердин колдорун кесип, КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫ гүлдөгөн, ыйман, ырыс, кут уюган мамлекетке айлантат деген чоң ишеничим бар.
Ушул ишенич, үмүттөрүбүздү таш каптырбаңыз. Кечээги кайрылууңуз жакшы болду, эми сөздү иш жүзүндө көрсөтүңүз. Эгерде өлкөнү өнүктүрүү багытын тандасаңыз Сизди буттан, колдон алып колдоого даярбыз. Эгерде кайра эле мурдагы кесиптештериңиз салган эски жол менен кетсеңиз анда болгон күчүбүз менен каршы турабыз!
Сизди терең урматтом менен Данияр Төрөгазиев.
Булак: NazarNews.kg