www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин кандай реакция болорун күтүп, байкоо салып аттык. “Кулак-мурун кескендей” жымжырттык. Дегенибиз, “жылан чакпай, жылкы теппей” бир окуя тар чөйрөдө талкууланууда. Аз күн мурда стадиондо футбол өтүп, ага президент Садыр Жапаров баш болуп, калганы жабырап каптап барышпадыбы.
Кызыгы, оюн башталгыча Өмүрбек Бабанов менен Нариман Түлеев кер-мур айтышып, күтүүсүздөн мушташа кетишкени кандай? Жанындагылар дароо ажыратууга үлгүрүп калышкан. Арачылар түшпөсө аягы кандай тамамдаларын элестетүү кыйын эле. Бактыга жараша экөө тең жаракат алышкан эмес. Чала-була чарпышып барып токтошуптур. Коомдук жайда миллионерлер мушташа кетишсе, аларды жазалоочу органдардын деле күчү жетпейт окшойт. “Бейбаштык” болуп атат да, туурабы?
Эгерде карапайым адамдар “чокушса” эле дароо камап же айып пул салып коюшат. Ал эми Бабанов менен Түлеев стадиондо эрөөлгө чыгышса, мыйзам иштебей калдыбы? Жок дегенде “мындан кийин эл чогулган жерлерде тебишпей жүргүлө” деп эскертүү берип коюшса не? Аттуу-баштуу адамдар элге үлгүлүү көрүнүштөрдү жасагандын ордуна, көчө балдары сымал чекишкендери уят го? Эрксизден жылмаясың да...
Булак: "Азия Ньюс" гезити