www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Эдельвейс» куткаруу отряды Ала-Арча жаратылыш паркындагы Комсомолец чокусунда жаракат алган жаранды куткарды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, эки жаран тоодон түшүп келе жаткан учурда алардын бири бутунан жаракат алып, өз алдынча жүрө албай калган.
Окуя болгон жерге «Эдельвейс» отрядынын беш куткаруучусу жөнөтүлгөн. Алар жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүшкөн.
ӨКМ жарандарды тоого чыгууда коопсуздук эрежелерин сактоого, аба ырайын алдын ала эске алууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн туура баалоого чакырды.