www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдагы октябрь шайлоосу болоор алдында Масалиев баш болгон, Баатырбеков төш болгон бир топ депутаттар кийинки парламентке депутат болуш үчүн мөөнөтүнөн мурда мандаттарын тапшырышкан. «Мен жеймин дейт куйрукту, кудай берет буйрукту» дегендей октябрь башаламандыгы «чимкирик» парламенттин мөөнөтүн узартып койду. Негизи Масалиев жок «чимкирик» парламент көркүнө чыга албай жатат. «Өнүгүүдөн» Мирлан Бакиров да вице-спикерлигин тапшырып салды. Анын орду талашта. 2017-жылы  “премьер –министр” катары Төрөбаев “президент” Бабановду колдоп самаганы ишке ашпай калган. Авторатиризмге чылк батып, Төрөбаевдин керт башына сыйынуучулук күчөгөн “Өнүгүү” фракциясынан кетүү процесси ошондо башталган.

КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү Апсамат Масалиевдин уулу Исхак коммунисттерин айдактаса деле 2007 -жылдагыдай парламенттен орун алмак. Бирок, ал Атамбаев жиберген “баканооздор” 2010 -жылы Үсөн Сыдыков экөөнү топуракка оонаткандай, партиясын 2015 -жылдагы парламенттик шайлоодо топуракка оонатып кетпесин деген ой менен “Өнүгүүгө” кошулгандыр.  Масалиев кыргыздын коммунисти болсо, Зюганов орустун коммунисти башкысы экөө тең коммунист экени белгилүү. Зюгановду Орусиянын президенти Владимир Путин мезгил –мезгили менен куттуктап турат. Зюганов 1990 -жылы КПРФ түзүлгөндө Саясий бюросунун мүчөсү, 1993 –жылдан секретары болгон. 1993 – жылдын декабрынан баштап КПРФдан Мамдумага алты жолу депутат болду.

Ельцин менен 1996 – жылдын 16 –июнунда эрөөлгө чыгып 32 пайыз менен экинчи турга чыккан. Экинчи турдан Ельцин Лебедди өзүнө кошуп алып Зюганов 40 пайыз менен калып калган. Мамлекеттик чоң кызматкерлердин айтуусунда мында жеңиш Зюгановдуку болуп, Ельцин добуштарды жасап кеткен. Зюганов 2000 –жылдагы президенттик шайлоодо Путинден кийинки экинчи орунду 29 пайыз алган. 2004 -жылкы шайлоодо Зюгановдун ордуна Харитонов чыгып 14 пайыз менен дагы экинчи орунга чыккан. 2008 – жылдагы шайлоодо Медведев менен Зюганов чыгып, кайрадан 17 пайыз менен (13 миллион) экинчи чыгып, 2012 –жылы ошол эле 17 пайыз менен Путинге уттуруп койгон. 2018 –жылы Зюганов Грудининди чыгарып ал дагы эле Путинден кийинки экинчи орунду алат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости