www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин 1-декабрдагы жарлыгы менен Саламаттык сактоо министри болуп 10 ай гана иштеген Эркин Чечейбаев кызматтан алынып, анын ордуна Улуттук коопсуздук кызматында иштеп келген Каныбек Досмамбетовдун дайындалышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.  

Учурда Саламаттык сактоо тармагына УКМКдан жетекчи дайындоо эң талаштуу кадрдык чечим катары сыпатталууда. Ал эми Президенттик администрация бул чечимди “коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү” жана “тармактагы кландык түзүлүштү бузуу” зарылдыгы менен түшүндүрдү. 

Расмий маалымат боюнча, Досмамбетов Жалал-Абадда иштеп турган маалда бир катар мыйзамсыз мүлктөрдү мамлекетке кайтарып, бизнес чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жойгон. 

Бирок бул дайындоонун артында олуттуу суроолор турат. Биринчиден, саламаттык сактоо сыяктуу адистешкен тармакты медициналык билими жок адамга башкартып коюу дүйнөлүк тажрыйбада сейрек кездешкен көрүнүш. Экинчиден, адам укуктары жана жарандык коом өкүлдөрү күч түзүмдөрүнүн кадрларын жарандык башкарууга массалык түрдө алып келүү, кесиптик деформация, авторитардык ыкмалардын күчөшү менен коштолорун эскертишүүдө.

Айрым активисттер муну “коомго жасалып жаткан эксперимент” деп сыпаттап, медицина тармагына адистерди же ачык көз караштагы реформачыл жетекчилерди алып келүү зарылдыгын белгилеп жатышат. 
Чынында эле, саламаттык сактоо системасындагы чоң көйгөй катары айтылып жаткан кадрдын жетишсиздиги, айлык маянанын аздыгы, инфраструктура эскиргени, тармакты ичинен билген адистердин билими жана системалык саясаты аркылуу чечиле турган маселе экени талашсыз чындык.

Последние новости