www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-июлда Чүй райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй районунун Султан Ибраимов айыл аймагындагы Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүндө алдын алуу жана коопсуздук иш-чараларын жүргүзүштү.
ӨКМдин маалыматына ылайык, 7-июлда жүргүзүлгөн текшерүүдө көлдүн суусунун деңгээли көтөрүлгөнү аныкталган. Ошондой эле 2025-жылы орнотулган гофраланган «Корсис» түтүктөрүнүн ажырап, чачылып калганы белгилүү болгон.
Көлдүн суусу ашып чыгып, агын суунун жер кыртышын жууп кетүүсүнүн жана жээктин бузулуу коркунучун алдын алуу максатында куткаруучулар түтүктөрдү кайрадан чогултушкан. Натыйжада көлдөн ашкан суу түтүктөр аркылуу коопсуз түрдө төмөн карай агызылган.
ӨКМ белгилегендей, жүргүзүлгөн иштер көлдүн абалын туруктуу көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган.