www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эки көчөнүн айрым тилкелери жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын реконструкциялоодо.

Буга байланыштуу 15-апрелден тарта Шабдан баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы Курманжан датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүндө Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Белгиленгендей, реконструкциялоо иштери этап-этабы менен аткарылып, жылытуу сезону башталганга чейин аяктайт.

Последние новости