www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14–15-апрелде Бишкек шаарында СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Жаңы ысымдар” аталышындагы XI эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестиваль жаш таланттарды колдоо, чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.

Бул жылы иш-чарага Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандан келген студенттик театр жамааттары катышып, өздөрүнүн мыкты спектаклдерин көрүүчүлөргө сунушташат. Катышуучулар үчүн сахналык искусствонун ар түрдүү багыттарын камтыган чыгармачылык аянтча түзүлөт.

Последние новости