www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын запасы жакынкы айларга гана жетет. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.

Ал ошондой эле май тартыштыгына жол бербөө үчүн бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү май сатууга оң жооп берген. Ал эми Казакстандын жообу азырынча күтүлүүдө.

Ал эми, Кытай Кыргызстанга 3 миң тонна авиакеросин берүүгө макул болуп, кошумча 5 миң тонна дизель жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Беларусь менен болсо 3 миң тонна авиакеросин жана 10 миң тонна дизель жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Последние новости