www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен жогорулай турганын билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт АИ-92 бензинине, дизелге жана газга мамлекеттик субсидия берип, бааны кармап турат. Бул чара 30-сентябрга чейин уланат.
Өкмөттүн эсебинде, субсидия болбосо дизелдин баасы 130–140 сомго, бензиндин баасы 110–120 сомго чейин жетмек. Учурда Бишкекте АИ-92нин бир литри 89,9 сом, АИ-95 – 109,9 сом, ал эми дизел 99,9 сомдон сатылууда.
Кыргызстан жылына 2 млн тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 95 пайызы Орусиядан импорттолот. Учурда өлкөдө күйүүчү майдын 2 айлык запасы бар. Мындан тышкары, Орусиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү май ташып келүү боюнча келишим түзүлүп, Өзбекстан аркылуу айына 20 миң тонна бензин алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.