www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын The Economist журналы түзгөн жылдык рейтингде Украинанын борбору Киев дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайсыз 10 шаардын катарына кирип, 173 шаардын ичинен 166-орунду ээледи. Тизме 6-июлда жарыяланды. Киевдин жашоого ыңгайлуулук индекси 100 баллдан 44,5 баллды түзгөн. 

Рейтингде Киев Зимбабвенин борбору Харареден да төмөн жайгашкан. Тизмени Сириянын Дамаск, Ливиянын Триполи жана Бангладештин Дакка шаарлары жыйынтыктаган. 

6-июлда Украинанын «Суспільне» телеканалы Киевде аба чабуулу тууралуу эскертүүнүн фонунда жарылуулар болгонун кабарлады. Украинанын Санариптик трансформация министрлигинин онлайн-карталарына ылайык, аба коркунучу Полтава, Сумы жана Черкассы облустарында жарыяланган.
Ошол эле күнү украиналык ЖМКлар борбор калааны өрттөн чыккан кара түтүн каптаганын билдиришкен.

Последние новости