www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдиришти.
Конкурстун максаты — мамлекеттик органдарды кесипкөй, билимдүү жана санариптик көндүмдөргө ээ жаш адистер менен камсыз кылуу.
Тандоо E-Kyzmat порталы аркылуу электрондук форматта жүрөт. Бул коррупциялык тобокелдиктерди азайтып, ачыктыкты жана меритократия принциптерин камсыз кылат. Талапкерлер рейтингдик система аркылуу тандалып, эң жогорку балл алгандар кызматка дайындалууда артыкчылыкка ээ болушат.
Конкурстун этаптары:
Документтерди кабыл алуу;
Мыйзамдар боюнча компьютердик тестирлөө;
Маектешүү.
Негизги талаптар:
Мамлекеттик кызматка: Жогорку билим, 21 жаштан жогору болуу, кыргыз тилин билүү.
Муниципалдык кызматка: Жогорку же орто кесиптик билим, 18 жаштан жогору болуу.
Мөөнөтү: Документтер 2-марттан 6-мартка чейин кабыл алынат.
Толук маалыматты www.mkk.gov.kg сайтынан же E-Kyzmat порталынан алууга болот. Байланыш телефондору: 0 (312) 62 04 12, 66 03 37.