www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери маалыматтарды мониторингдөө жана талдоонун натыйжасында Кытай Эл Республикасынан автоунааларды ташып кирүүдө туура эмес декларациялоо фактыларын аныкташты.
Бузуулар транспорт каражаттарынын чыгарылган жылын туура эмес көрсөтүү менен байланышкан, башкача айтканда, жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүү аркылуу бажы төлөмдөрүнүн толук эмес төлөнүшүнө алып келген.
Атап айтканда:
• 2023-жылдын 28-ноябрында «Нарын» бажы тариздөө жайына DONGFENG үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны ташып кирүүдө 2019-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн. Бирок VIN-коду текшерилгенде анын чыныгы моделдик жылы 2016-жыл экени аныкталган. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында 1 802 135 сом өндүрүлдү.
• 2024-жылдын 12-майында «K.G.E.» ЖЧКсы тарабынан 2022-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн 5 карьердик самосвал алып келинген. Талдоо жыйынтыгында алардын чыныгы чыгарылган жылы 2021-жыл экени аныкталып, кошумча 3 494 811 сом эсептелди.
• 2025-жылдын август–сентябрь айларында «К.Б.Г.» ЖЧКсы тарабынан 13 самосвал 2023-жылы чыгарылган деп көрсөтүлүп ташып келинген. Текшерүүдө алардын чыныгы чыгарылган жылдары 2020–2021-жылдар экени аныкталып, жеңилдиктер колдонулбастан 8 093 379 сом кошумча төлөм эсептелди.
• 2025-жылдын 15-декабрында «Нарын» бажылык тариздөө жайына «Ц.С.» ЖЧКнын дарегине IVECO үлгүсүндөгү транспорт каражаттары 2020-жылы чыгарылган деп көрсөтүлүп келген. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын экспертизасынын жыйынтыгында шассинин заводдук номерлери өзгөртүлгөнү жана 2008–2010-жылдары чыгарылган тетиктер колдонулганы аныкталды. Натыйжада 2 148 098 сом өндүрүлдү.
Бардык фактылар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жалпысынан 15 538 423 сом өндүрүлдү.