www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай адам бааланат? Бул суроолор көп адамда жаралган болсо керек. Так ушул суроого жазуучу Кеңешбек Айтикеев жооп тапкан.

КАНДАЙ АДАМ БААЛАНАТ?

--Артымда атым калсын деп ойлонбо, айтууга татыктуу болсоң айтуучу адамдар табылат. Баага татыктуу болсоң баалоочулар чыгат. Калкалоого татыктуу болсоң калкалоочулар чыгат. Өмүрүң элге өрнөк болсоң өздөрүнчө үлгү алат. Эл үчүн эмгектенсең эл баалайт, өзүмчүлдү ким баалайт. Жериңе эмгектенсең жердешиң баалайт, дүйнө аралап бир орун таппай түнөгүңдү түндө бузуп, күндө бузуп жүрсөң төбөң көккө жетсе да, төө минип жүрсөң да өмүрүң өтсө ким эскерет?

Эстелигиң ким курат? Өзүң жөнүндө ойлонбо элиң, туулган жериң жөнүндө ойлон. Сен ойлонбосоң деле эгер жазууга татыктуу болсоң, сен жөнүндө жазуучулар чыгат, барган жериңди изилдеп, эл алдына алып чыгуучулар чыгат. Баа берип барктоочулар, атак берип даңктоочулар чыгат, эскерип эстелигиң курат, эскерип сени турат. Турмушту өзгөртүүчү болгон дейт, элге кызмат кылган дейт. Эрегиште эр сайып, эл намысын алган дейт. Элге арнап өмүрүн өлүмгө да барган дейт. Элдик адам болгон дейт.

Уламыш деп айтылып, өткөн өмүр жолу уламышка уланат. Укмуш адам болгон деп элге болгон коргон деп эрдиктерин эл айтат, туулуп-өскөн жери айтат, угуп алып урпак айтат. Айтууга татыктуу болсоң асманда аалам айтат, ай менен жылдыз айтат. Жылдызы жанып турчу деп өңү-түсүн айтат, сүрөтүн тартып сүрөттөп айтат. Эскерме жазып айтат, жасаган ишиңди текшерип айтат, жер түбүн казып, эски буюмуң алып аңтарып айтат, ашык кеми жок, ал тактап айтат, өзүңдү мактап айтат, сөз менен жактап айтат, эмгегиң актап айтат. Айтыласың, жазыласың, ойлонбой элге кызмат кыл, өз милдетиңди бил. Ал милдет Теңирдин бир өмүргө мага берген милдетим деп ар бир өнөрдүн өз милдетин аткарса, элге жакса эл айтат. Эч кимге эмгек кылбасаң, эч ким айтпайт. Эгер эл үчүн эмгектенсең айтамын деп кайтпайт. Каалап туруп алат, сага көңүл буруп алат. Анткени, өлбөй турган эмгегиң бар, - дейт Кеңешбек Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости