www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы Криминалдык полиция башкармалыгынын башчысы Жанболат Зиадин Bentley, Mercedes жана Cadillac маркасындагы кымбат автоунаалардан турган кортеж үй-бүлөлүк тойго баруу үчүн блокпосттон тоскоолдуксуз өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынды.

Кортеждин видеосу соцтармактарда жарыяланган. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Териштирүү учурунда үй-бүлөлүк тойго Жанболат Зиадин да катышканы маалым болгон.

21-апрелде Казакстан ички иштер министри Ерлан Тургумбаев бул окуя тууралуу пикирин билдирип жатып, өзгөчө абал режимин бузууга эч кимдин укугу жок экенин айткан.

Мындан соң блокпосттон мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча беш киши кармалган жана алар 10дон 15 суткага чейин камалышкан. Кортеждеги дагы эки киши издөөдө, кымбат баалуу төрт унаа айып төлөөчү жайга токтотулду.

Кортежди өткөрүп жиберген полиция кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлдү, патрулдук полиция полкунун командиринин орун басары кызматтан алынды.

Алматыда бир нече жумадан бери карантин өкүм сүрүүдө. Шаарга атайын өткөрмөлөр менен гана кирип чыгууга мүмкүн.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости