www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Словакияга болгон иш сапарынын алкагында Братислава шаарында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда билим берүү системасын реформалоо, адам капиталын өнүктүрүү, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү, мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Тараптар ошондой эле билим берүүнү санариптик трансформациялоо, мугалимдердин санариптик компетенцияларын өнүктүрүү жана жасалма интеллектти билим берүүдө жоопкерчиликтүү колдонуу багыттарын карашты.
Догдуркүл Кендирбаева Дүйнөлүк банкка билим берүү тармагындагы көп жылдык өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Биргелешкен иштердин алкагында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, санариптик инструменттерди киргизүү жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет.