www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-майда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана «Агро Куш» компаниясынын башкы директору Аскат Абдрахманов инвестициялык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кемин районунда иштеп жаткан канаттуулар комплексинин кубаттуулугун арттыруу жана жаңы өндүрүштүк жайларды куруу долбоору ишке ашырылат.
Долбоордо кошумча эки аянтчада канаттуулар багылуучу 24 имарат куруу, саатына 30 тонна кубаттуулуктагы канаттуулар үчүн тоют чыгаруучу завод ишке берүү каралган. Инвестициянын көлөмү 1,7 млрд сомдон ашык каражатты түзөт.
Бул демилге өлкөнүн агроөнөр жай секторун өнүктүрүүгө, ички өндүрүштү көбөйтүүгө жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Инвестициялык агенттиктин маалыматы боюнча, долбоор ишке ашса, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө боюнча алгылыктуу натыйжалар күтүлөт.