www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда кубаттуулугу учурдагыдан үч эсе жогору болгон жаңы суперкомпьютер 2026-жылдын ноябрь айында ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөт жыйынында Багдат Мусин билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын октябрында Алматы шаарында 1,5 миң петафлопс кубаттуулуктагы AI-Farabium суперкомпьютери ишке берилген. Учурда ал дүйнөлүк рейтингде 103-орунда турат жана толук жүктөм менен иштеп жатат.
Жаңы суперкомпьютер Астанага жакын Косшы шаарында жайгаштырылат.
Ошондой эле Казактелеком өлкөдөгү ири дата-борборлор тармагын башкарары, 1,7 миңден ашык сервердик стойкасы бар экени жана рыноктун 47% үлүшүнө ээ экени айтылды.
Компания Экибастуз шаарында дата-борборлор өрөөнүн куруу долбоорун да ишке ашырууда. Учурда 20дан ашык ири технологиялык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алдын ала суроо-талап 100 МВттан ашканы белгиленди.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул долбоорлор Казакстанда жасалма интеллектти экономика тармактарына кеңири киргизүүнүн негизин түзөт.