www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү, эскирген жабдууларды жаңылоо боюнча койгон милдеттерин ишке ашыруунун алкагында  Жалал-Абадда  Избаскент 110/35/6 кВ көмөк чордонунда ири жаңылоо иштери жүргүзүлүп,  50 жылдык эски жабдуулар заманбап системага алмаштырылды.

Жаңылоо иштеринин алкагында: 
- К-6 үлгүсүндөгү сыртка орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзмөк (КРУН) заманбап К-59 типтеги сыртка орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзмөккө алмаштырылды;

- “ВМПЭ-6” үлгүсүндөгү май өчүргүчтөрү жаңы муундагы “NV-12-S-CO/640 Y2” вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды;

Жаңы орнотулган бөлүштүрүүчү түзмөк жалпысынан 18 уячадан турат. Андан 9 даана 6 кВ аба чубалгылары аркылуу электр энергиясы бөлүштүрүлүп, калкка жеткирилет.
Избаскент 110/35/6 кВ көмөк чордонунан Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагындагы 3625 абонент жана Кочкор-Ата шаарындагы 3000ден ашуун керектөөчү электр энергиясы менен камсыздалат.

Жаңылоонун негизги себеби: 50 жылдан ашуун убакыт кызмат кылган эски жабдуу бүгүнкү күндө техникалык жактан эскирип, электр энергиясын бөлүштүрүүдө бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Өзгөчө аба ырайынын өзгөрүшүнө туруштук бере албай, үзгүлтүктөр көп катталып, жабдууну тез-тез оңдоп-түзөөгө туура келчү.

Жанылангандан кийинки натыйжа:
- Буга чейин эски КРУН 13 авариялык өчүрүүдөн кийин техникалык тейлөөнү талап кылган болсо, жаңы вакуумдук өчүргүчтөр заманбап технология менен жабдылып, 30 миңге чейин авариялык өчүрүүгө туруштук бере алат. Мындай жабдуулар өрт коопсуздугу жагынан ишенимдүү болуп, техникалык тейлөөнү аз талап кылат жана узак мөөнөткө эсептелген.

-Жаңы система компьютердик башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анын жардамы менен чыңалуу кайсы жерде үзгүлтүккө учураганын ыкчам аныктап, авариялык кырдаалды кыска убакытта калыбына келтирүүгө шарт түзүлдү.
-Сыртка орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзмөк эки тараптуу Т-1 жана Т-2 трансформаторлоруна туташтырылган. Эгерде бир чубалгыда авариялык өчүү катталса, электр энергиясын экинчи трансформатор аркылуу ыкчам берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул өз кезегинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырат.

- Керектөөчүлөр үчүн электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү дагы да жогорулады.

Аталган иштер “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан ишке ашырылды.

Последние новости