www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

The New York Times гезити дүйнөдө коронавирус инфекциясынын акыркы 14 күн ичиндеги жайылуу темпин көрсөткөн интерактивдүү графика жарыялады. Андагы алдыңкы саптагы өлкөлөрдүн катарына Казакстан да кошулган.

Акыркы жумаларда Казакстанда илдетти аныктоо үчүн тесттер жетишсиз болуп, ооруканалар менен лабораториялардын алдындагы узун кезек күтүүлөр кадимки көрүнүшкө айланды.

Өлкөдө 5-июлдан тартып киргизилген катаал чектөөлөргө карабастан мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө туура келген баш калаа күнү белгиленди. Нур-Султандын көчөлөрүнө концерттин аянтчалар орнотулуп, кечинде майрамдык салюттар атылды. Жергиликтүү бийлик жарандар майрамга чакырылбаганын, аларга иш-чаларды онлайн режимде көрүү сунушталганын билдиришүүдө.

Казакстанда буга чейинки катаал карантиндик чектөөлөр 16-марттан 11-майга чейин күчүндө болгон. Бул эки айдын ичинде өлкөдө коронавирус жуктургандар беш эсеге көбөйүп, 9 миңге жеткен. Жаңы чектөөлөр эки жума күчүндө болот. Эгер өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырбаса, бийлик чектөөлөр дагы узартыларын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери 48 574 кишиден вирус аныкталып, 232 бейтап каза болду. Ошол эле маалда өлкөдө пневмония менен ооругандардын саны да көбөйүүдө. Жыл башынан бери Казакстанда бул илдеттен 1772 киши каза болсо, алардын 628и июнь айында көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости