www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда бир палаталуу Курултайга өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгында «Адилет» партиясы 71,17% добуш менен биринчи орунду ээледи.
Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Астана шаарында өткөн брифингде билдирди.
Анын маалыматына караганда, өлкөдө добуш берүү укугуна ээ болгон шайлоочулардын саны 12 млн 623 миң 289 адамды түзгөн. Алардын ичинен 9 865 шайлоочу чет өлкөдө жүргөн.
Шайлоого жалпысынан 9 млн 351 миң 539 адам катышып, шайлоочулардын активдүүлүгү 74,08% болду.
Алдын ала жыйынтык боюнча партиялардын көрсөткүчтөрү:
«Адилет» — 71,17%;
«Ауыл» — 6,26%;
Respublica — 5,56%;
«Ак жол» — 5,21%;
Жалпы улуттук социал-демократиялык партия — 5,11%;
Казакстандын Элдик партиясы — 3,11%;
«Байтак» жашылдар партиясы — 1,07%.
Ал эми шайлоочулардын 2,51%ы «Баарына каршы» деген вариантты тандаган.
Шайлоого катышкан жети партиянын ичинен бешөө 5 пайыздык шайлоо босогосунан өтүп, Курултайда өкүлчүлүк кылуу укугуна ээ болду.
Ошентип, 145 орундуу Курултайда «Адилет», «Ауыл», Respublica, «Ак жол» демократиялык партиясы жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партия өкүлчүлүк кылат.
Белгилей кетсек, бул шайлоодо Казакстандын бир палаталуу Курултайынын курамы биринчи жолу аныкталды.