www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жөлөк пулдун суммасы кеминде 5000 сомдон болуп, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдарга берилиши керек.

Жогорку Кеңеште бийик тоолуу аймакта, барууга кыйын болгон алыскы калктуу конуштарда жана өзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үч жашка чейинки балдардын баарына ай сайын жөлөк пул берүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев менен Камила Талиева демилгелеген. Жөлөк пулдун суммасы кеминде 5000 сомдон болуп, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдарга берилиши керек.

"Бийик тоолуу аймактарда жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда, ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган 3 жашка чейинки балдары бар жарандарга ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун негизи бар. Бул алардын экономикалык турмушун кыйындаткан шарттарда жашаган үй-бүлөлөр үчүн колдоо чарасы болуп саналат", — деп айтылат документте.

Ошондой эле бул аймактар алыс болгондуктан кымбатчылыкты шарттап, балдар көбүнчө климаттан келип чыккан ден соолуктун белгилүү бир көйгөйлөрүнө, ошондой эле башка кызматтардын жетишсиздигине туш болушары белгиленген. Ал эми жөлөк пул чегерүү жашоонун жок дегенде минималдуу деңгээлин камсыз кылары кошумчаланды.

Белгилей кетсек, учурда жөлөк пул муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына гана чегерилет. Бул аймактагылар дагы ошол тартип менен алып келишкен. Башкача айтканда, катаал аймактагы кирешеси жетиштүү делгендердин балдарына жөлөк пул берилген эмес.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости