www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жогорку деңгээлдеги саясий диалог активдүү уланып жатканын белгилеп, соода-экономикалык жана аймактар аралык кызматташтык ырааттуу өнүгүп, биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.
Ал эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары дагы бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошондой эле ал Михаил Мишустинди үстүбүздөгү жылдын август айында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууга чакырды.
Жыйындын алкагында Кыргыз-Россия экономикалык форуму жана Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы да өткөрүлөрү белгиленди.
Өз кезегинде Михаил Мишустин кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүү эки тарап үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, отун-энергетика комплекси, транспорт, курулуш, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушту.