www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет” медиа долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Алгач минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы түндүк айланма жолунунун курулушунан кабар алды.
Иштин жүрүшү тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилери маалымат беришти.
Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Бул айланма жолун куруу ишине жалпы 150гө жакын атайын техника тартылып, 500дөн ашуун жумушчу эмгектенүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны жакшыртууга, борбор калаанын айланасындагы унааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жолдогу унаа тыгындарын азайтууга багытталган ири долбоорлордун бири, учурда куруу жана реконструкциялоо иштери активдүү уланууда.
Андан соң минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ч. Валиханов көчөсүндө Бишкек жылуулук электр борборунун техникалык каналдары аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн курулушу, ошондой эле бир катар жолдордун реконструкциялоо жана кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маселен, көпүрөнүн жалпы узундугу – 92 м, ал эми туурасы – 32 м болгон объектинин курулуш иштерин бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын күз айларына карата пландалууда.