www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарынын мэриясы Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунан сатып алууга сунушталган 5 электробустан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда өткөн республикалык жыйында белгилүү болду.

Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаевдин айтымында, муниципалитеттин адистери жана шаардык кеңештин депутаттары мындай сатып алуунун шаар үчүн тобокелдиктерин эсептеп чыгышкан.

«Биздин эсептөөлөр боюнча, насыянын пайызын төлөө бизге кыйын болмок. Биз шаардык кеңеш менен биргеликте бюджетибизден каражат таап, төрт электробус сатып алууну чечтик», - деп түшүндүрдү мэр.

Кабинеттин төрагасы Акылбек Жапаров Караколго жөнөтүлүшү пландалган беш автобусту башка шаарга өткөрүү тапшырмасын берди. Ушул эле долбоордун алкагында Нарын шаардык мэриясы Жалал-Абад шаарынын муниципалитетине 5 электроавтобус жана 10 автобусту өткөрүп бермекчи.

Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан аккумулятордук электр автобустарын сатып алуу жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо каралган.

Ар бири 25 миллион доллар грант жана кредиттик бөлүгү, дагы 650 миң доллар жогорку деңгээлдеги технологиялык фонддон бирге каржыланаары маалымдалган. Бул акчага 120 электробус сатып алынат. Алгач алардын баары Бишкекке багытталган, бирок кийин транспорттун бир бөлүгүн республиканын башка шаарларына берүү чечими кабыл алынган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости