www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан 2025-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 77,1 млрд сом жумшады.
Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев билдирди.
Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттын 45,9 млрд сому тышкы карызды, 31,2 млрд сому ички карызды тейлөөгө багытталган.
«Жалпы карызды тейлөөгө багытталган каражаттар республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30 пайызынан ашпашы керек. Былтыр бул көрсөткүч 12,6 пайызды түздү», — деди Аманбаев.
Анын белгилешинче, бул мамлекеттин төлөө жөндөмдүүлүгү жогору экенин жана карызды төлөөдө олуттуу тобокелдиктер жок экенин көрсөтөт.
Ошол эле учурда 2026-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 млрд 951,88 млн долларга жеткен. Анын 4 млрд 739,63 млн доллары ички, 5 млрд 212,25 млн доллары тышкы карызды түзөт.
Тышкы карыздын эң ири бөлүгү — 1 млрд 414,54 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Жалпы мамлекеттик карыздын көлөмү ИДӨнүн 42,10 пайызына барабар.
Буга чейин айрым экономисттер ички карыздын акыркы жылдары кескин көбөйгөнүн белгилеп, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыздык чендер менен алынган карыздар мамлекеттик бюджетке жана экономикага тобокелдик жаратышы мүмкүн экенин айтып келишкен.