www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды лицензиялоо жана колдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бул чаралар циркулярдык экономиканы өнүктүрүүгө, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин ишке ашырууга жана калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн санариптик реестрин түзүүгө багытталган.

Лицензиялоо алдындагы текшерүүнүн алкагында картон, кагаз, пластик жана текстиль калдыктарын кайра иштеткен, ошондой эле полимер баштыктарын чыгарган «Алтын Ажыдаар», «Эллегия», «Ак-Кайын», «Профикс-Юг», «Дюкастомс» жана «Датка КГ» ЖЧКларына текшерүү жүргүзүлдү.

Аталган ишканалар өлкө аймагынан чогултулган картон жана макулатураны кайра иштетип, кагаз чийки затын жана таңгактоо үчүн гофрленген картон чыгарышат. Текстиль калдыктарынан термокийиз, килем, килемче жана башка буюмдар өндүрүлөт.

Ошондой эле ПЭТ-бөтөлкөлөр кайра иштетилип, экспортко багытталган флекс өндүрүлөт. Ал эми полимер баштыктары жана пластик калдыктары чака, пластик түтүк, щетка жана башка тиричилик буюмдарын чыгарууга пайдаланылат.

Министрлик калдыктарды кайра иштетүүнүн түрлөрүн кеңейтүүнү, экологиялык ишкердикти өнүктүрүүнү жана «жашыл» долбоорлорду колдоону улантарын белгиледи.

Ошондой эле калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдү ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарына ылайык өз убагында лицензиялоого чакырды. Лицензиялоо жана экологиялык мыйзамдарды бузган учурларда административдик жоопкерчилик каралган.

Последние новости