www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда контрафакттык товарларды чыгарган көмүскө цех аныкталганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте контрафакттык продукцияны аныктоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цех аныкталды.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө таттуу суусундуктарды чыгаруу менен алектенген «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» аттуу жашыруун цехтер аныкталган.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүршүндө, Тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча айыптар салынып, экспертизадан өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.
Азырку учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.