www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн эң күчтүү магниттик бороон бүгүн жерди каптайт

Акыркы эки айдагы эң күчтүү магниттик бороон бүгүн, 8-августта жерди каптайт. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын космостук изилдөөлөр институтунун күн астрономиясы лабораториясы билдирди.

Жерде 8-августта күн бетинде пайда болгон короналдык тешиктин таасиринен геомагниттик дүүлүгүүлөр башталары белгиленет. Айрым божомолдордо магниттик бороон-чапкындардын кубаттуулугу G3кө чейин жетиши мүмкүн деп айтылат билдирүүдө.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, 5-августта Күн бетинде М.4 баллдык кубаттуу жарылуу болгон (рентгендик нурлануунун кубаттуулугу боюнча Күн жарылууларынын беш классы бөлүнөт: A, B, C, M жана X). Бул күтүлгөндөн да күчтүү геомагниттик кесепеттерге алып келет.

«Акыркы кайра эсептөөдөн кийин, моделдер планетаны булуттун жогорку ылдамдыктагы өзөгү каптап, магнит талаасына тийгизген таасири алда канча күчтүү болушу мүмкүн экенин көрсөттү», — деп айтылат эскертүүдө.

Жердин орбитасына жакын жердеги Күн шамалынын ылдамдыгы 7-августта өсө баштады жана 8-9-августка карата секундасына 600-700 километрге жетиши мүмкүн. Дүүлүгүүнүн туу чокусу жума жана ишемби күндөрү болот.

Негизги божомолдо активдүүлүктүн орточо деңгээли (G1) көрсөтүлгөн, бирок азыраак ыктымалдуу сценарийлер боюнча G3 деңгээлиндеги бороон-чапкындар болушу мүмкүн — бул радио байланышка жана спутниктердин иштешине сезилерлик тоскоолдуктарды жаратат.

Последние новости