www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жана ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата коллекциялык тыйындарды чыгара турганын билдирди.

Буга чейин башкы банк жез-никелден жасалган монеталарды чыгарып келген, мисалы, былтыр Конституциянын 30 жылдыгына арналган серия чыккан.

Алдыда пландалган тираждарга төмөнкүдөй аталыш берилет:

"Евразия экономикалык биримдигине – 10 жыл" — 500 даана;

"Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" — 1000 даана;

"Ат чабыш" — 1000 даана.

Булардын баары күмүштөн жасалып, 10 сом номиналында болот.

Ошондой эле алтындан жасалган "Айкөл Манас" тыйындары 100 сом номиналында 1000 даана болуп чыгарылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости