www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвага 4 жарым саат кечигʏʏ менен келдим. Мындай бир гана Советтер Союзунда болушу мʏмкʏн. Бул биздин темир жол тармагынын азыркы кʏндѳгʏ ал-ахыбалын сʏрѳттѳйт. Ыйлай тургандай ал-ахыбал. Андан ары эмне болот? Бир кудай алла-таллам билет. Бористе болдум…Чоӊ театрда «Хованщина» болуп жатат. Бул М.дин сʏйгѳн чыгармасы. Менин да кѳргʏм келди эле, бирок кечигип калдым.
Кайрадан тамеки тарта баштадым. Мен ага берген сѳзʏмдү кармай алган жокмун. Жаман симптом. Ага болгон кусалык, келечегимдин айкынсыз болушу, нервимдин чыдабай кетиши – ушунун бары менин тамеки тартуума себепкер болууда.
23.08.1928
Москвадагы кыргыз ѳкʏлчʏлʏгʏндѳ болдум.Темир жолдун бутагы тууралуу иш менен тааныштым. Жакшы эмес. Москвалык тааныш адамдыкында болдум. Москвада иштер менен кулакдар кылды. Анча маанилʏʏ деле эмес. Партия ичинде, мамлекеттеги жана эл аралык абал- азыркы мезгилде жакшы эч нерсени ʏмʏттѳндʏрбѳйт. Айла жок…согушууга да туура келет. Ким кимди? Кантип эле чирип бараткан бийликтин бизди жыгууга алы жетсин? Жок, биз кʏчтʏʏбʏз. Материалдык жана техникалык жактан айтпай эле коёлу, адамдардын салыштырмалуу салмагы боюнча да алдыда турабыз. Компартиялардын ѳсʏп бараткан таасири, айрыкча Европа мамлекеттеринде –Советтер Союзунун балансы ʏчʏн айтып бʏткʏс плюс. Келечектеги боло турган согуштан сактаныш ʏчʏн, эӊ башкысы партия кол куушуруп отурбаш керек.Эмне экен,согушса согушабыз! Мен революциянын жоокерлеринин катарында боломбу? Билбейм. Билбейм, анткени башымдан ар кандай акылсыз ойлорду кубалап чыга албай койдум…
Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн
MOCKBА. 24.08.1928
Орус тилинен которуп даярдаган:
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg