www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт. Бул туурасында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев чек арага жакын аймактардын жашоочулары менен жолугушуп жатканда айтты.
Жолугушуу бүгүн, 18-февралда, Баткенде өттү.
«Баткен облусуна өзгөчө статус бере турган болсок, анын башчысы генерал-губернатор болот. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ишке өзү коюп-алып, чечимдерди өзү кабыл алып, ушул жерде өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү болот», — деди Ташиев.
Ал мындай макам Кыргызстандагы дубандардын ичинен жалгыз гана Баткен облусу үчүн каралып жаткандыгын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жаткандыгын айткан.
Эскерте кетсек, 15-февралда, Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Булак: NazarNews.kg