www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тапшырмасы боюнча Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору баскычтап ишке ашырылып жатат. Бул демилге өлкөнүн генерациялоо кубаттуулугун кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасында электр энергиясы менен туруктуу камсыздоо системасын бекемдөөгө багытталган.

Долбоор улуттук энергетикалык системанын стратегиялык маанисине ээ болуп, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, энергетикалык тармактагы туруктуулукту жогорулатууга жана тармакты узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө негиз түзүүгө багытталган.

Долбоор Евразиянын Стабилизация жана Өнүктүрүү фондунун колдоосу менен каржыланууда. Долбоорду техникалык жактан коштоо жана инженердик көзөмөлдү дүйнөлүк деңгээлдеги Fichtner GmbH & Co. KG компаниясы жүргүзөт.

Иштөө эффективдүүлүгүн камсыздоо үчүн долбоор үч лотко бөлүнүп, профильдүү тажрыйбасы бар эл аралык подрядчылар тартылды. Эл аралык тендерлердин жыйынтыгы боюнча бардык жумуштар боюнча иш жүргүзүүчүлөр аныкталды:
• 1 жана 2-лотор боюнча — DEC–SM консорциуму;
• 3-лотор боюнча — Sinohydro Bureau 16 компаниясы.
Долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы
Азыркы этапта уюштуруу, курулуш жана техникалык иштердин комплекси аткарылды:
• Технологиялык жабдууларды жайгаштырууга, административдик объекттерге жана убактылуу турак жай инфратүзүмүнө арналган негизги курулуш аянтчалары даярдалды жана пландалды;
• Подрядчылардын кызмат жана турак жай имараттарынын фундаменттери куйулду;
• Имараттардын металл конструкцияларын монтаждоо башталды, анын ичинде жүк каркастары жана чатыр элементтери;
• 2-гидроагрегаттын суу түтүгү жана 1-гидроагрегаттын компенсациялык элементтери долбоордук уюмдардын катышуусу менен техникалык текшерүүдөн өттү;
• Экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүгө даярдык иштерине старт берилди, ал курулуш-монтаждык негизги этапка өтүүнү камсыздайт.

Долбоор бекитилген графикке ылайык ишке ашырылып, өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун поэтаптуу түрдө жогорулатууга, ошондой эле улуттук энергетикалык системанын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган.

Последние новости