www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарында 2026-жылдын 1-январына карата 854 социалдык кызматкер социалдык жардамга муктаж болгон 9452 жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтүшөт.

Алардын ичинде:
• жалгыз бой улгайган жарандар – 3819 адам;
• майыптыгы бар адамдар – 2313 адам;
• жубайлар – 350 үй-бүлө;
• турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр – 2971 үй-бүлө.

Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган адамдарга, өз алдынча жүрүп-түрүү мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарга, жубайларга, ошондой эле татаал турмуштук жагдайга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүшөт. Адистер турмуш-тиричилик маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүп, психологиялык жана социалдык колдоо камсыз кылышат.

Ар бир социалдык кызматкер башкармалыктын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке графикке ылайык камкордукка алынган жаранды жумасына кеминде эки жолу барып тейлейт. Бул ыкма жардамга муктаж адамдарга сапаттуу кароо жана өз убагында көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат.

Үйүндө социалдык жардам алуу үчүн муктаж жарандар тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, кошуналарынан же жакын адамдарынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу талап кылынат. Министрлик социалдык кызматтарды жакшыртуу багытындагы ишин улантып, көрсөтүлүп жаткан жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылууда.

Последние новости