www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке ишкер, Айжан Кулманбетова 2 айга камакка алынды.  Бул тууралуу ишенимдүү өкүлү Исмаил Токобаев билдирди.

Ал, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге кайрылуу жасады.

Кайрылууда Токобаев белгилегендей, жеке ишкер Кулманбетова Айжан бир нече жылдан бери белгисиз кылмыштуу топтун (ОПГ) кысымына кабылып келген. Алгач шектүүлөр – Кийизбаев Теңизбек Зайнилхабудович жана Асанбаева Айгүл Кулманбетованын ишенимине кирип, акырындык менен моралдык жана материалдык жактан кысым көрсөтө башташкан.

Аталган кайрылууга ылайык, 2024-жылдын 30-декабрында Кийизбаев Айжандын кыздарын жана өзүн өлтүрүү менен ачык коркутканын кошумчалады. Мындан тышкары:

  • 2024-жылдын май айында Кийизбаев опузалоо жолу менен 650 миң АКШ долларга тил кат жаздырып алган;
  • Июнь–июль айларында жалпы 5000 долларлык бренд буюмдарын жана автоунаа (Volkswagen Tiguan) тартып алган;
  • Андан сырткары, батир ижарасы, күнүмдүк чыгымдар үчүн да Кулманбетованы мажбурлап төлөтүп жүргөн.

Жабырлануучу бул фактылар боюнча 2025-жылдын 23-июлунда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына расмий арыз берген. Бирок арыздын негизинде жүрүп жаткан тергөөдө көптөгөн мыйзам бузуулар орун алып жатканы айтылууда.

Ошондой эле ишенимдүү өкүл Токобаев бийликтен негизсиз камакка алынган Айжан Кулманбетованы үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү мене кайрылган.

Последние новости