www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда УКМКнын жалган кызматкери кармалды.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында өзүн КР УКМК кызматкери катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жарандардын акчасын алган А.А. аттуу жаран кармалды. Аталган А.А. өз аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен болгон байланышка жамынган. Андан соң кылмышка шектүү жаран карызын төлөөнүн ордуна кылмыш ишин ынанымдуу кылуу үчүн жасалма укук коргоо органынын күбөлүгүн көрсөтүп, жабырлануучуларга кысым көрсөткөн.
Аталган жаран кармалган учурда автоунаадан РФ ИИМинин кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешелүүлүгүн окшоштурган башка буюмдар табылган.
УКМК А.А.нын алдамчылык аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын: 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылууну суранат
КР УКМК органдарына финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү максатында жарандардын акча каражаттарын алдап жүргөн мындай шылуундарга жана кылмыштуу аракеттерге УКМК коомчулукту ишенбөөгө чакырат.