www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Even KZ курулуш компаниясынын Бишкектин борборундагы курулуш иштери эрежелердин бузулушунан улам убактылуу токтотулганын Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-сентябрда министр Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы курулуш объектилерин пландан тышкаркы текшерүүгө алды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Москва көчөсү, 120 (Орозбеков көчөсү менен кесилишет) дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үй техникалык коопсуздук талаптарына жооп бербегени, ошондой эле курулуш иштеринин мыйзамдуулугун тастыктаган курулуш паспорту жок экендиги аныкталган.
Алтургай жеринде иш алып барган Even KZ компаниясына айып пул салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулган.