www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өлкөсүнүн экинчи борбору Оштун мэрлигинен Айтмамат Кадырбаевдин  чегингени боюнча ар кыл пикирлер токулууда.  Ошентсе да анын жасаган иштерине реалдуу баа берилиши талапка ылайык келет. Канткен күндө да Айтмамат мырза кыйла орчундуу маселелерди кыраатына келтирүүгө  жетишти.  Арийне, кемчиликсиз иш болбойт.  Антсе да шаардыктардын басымдуу катмары жылуу пикирде калышты. Бул албетте чоң утук.

Азыркы кызмат орунунун аты узун экен. Өкмөткө караштуу Өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган адамдын ылайым аткарган иштери ушундай узууун болсун демекчибиз. Эми кимдин терс пикири болсо буга терикпей эле оокатыңарды кыла бергиле?  А биз болсо анын жаман жактарын байкаган жокпуз.  Андан көрөкчө борборго сапарын улаган Айтмамат Кадырбаевге ийгилик ыроолой кетели. Бул кызматтын деле өтөлүнө чыга алат деген бекем ишеничибиз бар. Тегинде бар, дымактуу азаматтар уятка калбай элге кызматын чегерерине күмөнүбүз жок.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости