www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы согушта чечен улутундагы Артур Денисултанов каза болгону тууралуу маалымат пайда болду. Бул тууралуу “Медиазона” басылмасы жазды. 

Маалыматтарга ылайык, 57 жаштагы Денисултанов 2024-жылдын 2-ноябрында Донецк облусундагы Селидово шаарынын жанындагы салгылашууда каза болгон.

Буга чейин украин тарап да Денисултановдун өлүмү тууралуу билдирип, анын аскердик жетондогу номерин жарыялаган. Долбоордун маалыматына ылайык, ал Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн 27-мотожөө аскер дивизиясында катардагы аткыч болуп кызмат өтөгөн.

“Медиазона” жана “Кавказ.Реалии” маалыматына караганда, Денисултанов 2023-жылы болжол менен 37 миллион рубль өлчөмүндөгү алдамчылык үчүн күнөөлүү деп табылган. Сот анын жаза мөөнөтүн согуштук аракеттерге катышканын эске алып жеңилдеткени белгиленген.

Денисултановдун аты мурда адамдарды уурдоо, алдамчылык, опузалап акча талап кылуу жана башка кылмыш иштерине байланыштуу да эскерилип келген.

2017-жылы ал Украинада Адам Осмаевге кол салуу иши боюнча шектүү деп табылган. Ошол окуядан кийин Украинада кармалган Денисултанов кийин туткундарды алмашуу алкагында Россияга өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, Россия да, Украина да Денисултановдун өлүмү тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Последние новости