www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу президенттин жарлыгында каралган жеңилдиктерден пайдалана алышат.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдиргендей, жарлыкта «Интернет маалымат-телекоммуникациялык тармагында жалпыга маалым болгон маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видео материалдарды өндүрүү, жайгаштыруу жана жайылтуу боюнча кызматтар» жөнүндө сөз болуп жатат.

«Журналисттер, редакциялар дагы буга кирет. Ошондуктан жарлык аларга да тиешелүү, демек жеңилдиктерден пайдалана алышат», — деди Салык кызматынын башчысы.

Буга чейин кеп бирдиктүү салыктан бошотуу жөнүндө болуп жатканы, ал эми жеңилдиктерди алуу үчүн Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденти болуу зарылдыгы кабарланган.

Последние новости