www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасында диний экстремисттик жана салттуу эмес диний агымдарга каршы туруу боюнча системалуу алдын алуу иш-чараларын уюштуруунун алкагында "Якын-Инкар" ДЭУнун активдүү мүчөлөрүнө карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында "Якын Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын 27 мүчөсү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан жана идеологиясынан ачык түрдө баш тартышты. Аталган адамдар мурда экстремисттик иш-аракеттерге катышып, Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний-экстремисттик кыймылдын идеологиясын активдүү жайылтып келишкен.

Мындан улам, аталган жарандар өздөрү тандаган диний багыттын туура эместигин түшүнүп, өз ишенимдеринин зыяндуу жана ката экенин моюнга алышты. Алар өкүнүчтөрүн билдирип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик-укуктук актыларына, Аалымдар кеңешинин чечимдерине, КМДБнын талаптарына баш ийүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле жарандарды «Йакын-Инкар» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, аталган уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө жол берилбеши керектигин белгилешти.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан  «Йакын-Инкар» ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда. Ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга жана агымдарга жаңы адамдардын тартылуусуна жол бербөө максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР УКМК жарандарды Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

 

 

Последние новости