www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак Израиль менен Сирия Эс-Сувейда провинциясында ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын билдирди. Анын айтымында, тараптар АКШ, Түркия, Иордания жана башка Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен келишимге жетишти.
«Биз друз, бедуин жана сунниттерди куралдарын таштап, башкалар менен бирге Сириянын жаңы жана бириккен иденттүүлүгүн курууга чакырабыз», деп жазды Том Баррак.
Июль айынын ортосунда Сириянын Эс-Сувейда провинциясында бедуин кошуундары менен друз куралдуу отряддарынын ортосунда кагылышуулар башталган. 15-июлда Сирия бийлиги аймакка аскерлерин киргизген.
Израиль Сириянын брондолгон техникасына сокку да урду. 16-июлда ЦАХАЛ Дамасктагы Сирия Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын имаратына абадан сокку жасаган.