www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайыл райондук милиция кызматкерлери сууга түшүп кеткен унаадан баланы жана анын атасын куткарышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-июлга караган түнү Жайыл районунун Сосновка айылында жол-транспорттук кырсык катталды. Түн жарымында Бишкек шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган жаран К.Ч. «Тойота Аллион» үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, Талды-Булак айылына бурулушта рулга ээ боло албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып, агымы катуу болгон каналга түшүп кеткен. Унаанын ичинде айдоочу жана анын жашы жете элек уулу болгон.
Ошол маалда Жайыл РИИБдин Сосновка АОМ аймактык тескөөчү кызматкерлери, милициянын майорлору Эрмат Сасыков жана Нурлан Бийбосунов кызмат өтөп жүрүшкөн. Алар кырсык болгон жерден өтүп бара жатып, сууга агып бара жаткан унааны көрүп, дароо жардам көрсөтүүгө киришишкен.
Милиция кызматкерлери суунун ичинде унаага жетип барып, эң биринчи баланы, андан соң айдоочуну сыртка алып чыгышкан. Өз убагында жана чечкиндүү аракеттердин аркасында адам өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болду.
Кийинчерээк айдоочу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө келип, милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.