www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испанияда поезддердин кагылышуусунан көптөгөн адамдардын каза болушуна байланыштуу үч күндүк расмий аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу EFE агенттиги королдук жарлыкка шилтеме берүү менен маалымдады.
Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда болгон темир жол кырсыгынан 68 адам каза болду. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени белгиленди.
Басылманын маалыматына караганда, бул Испанияда 1970-жылдардан берки масштабдуулугу боюнча үчүнчү ири темир жол кырсыгы.
Белгилей кетсек, 28-октябрда Испаниянын Толедо провинциясындагы Урда калктуу конушунун жанында эки жогорку ылдамдыктагы поезд кагылышканы кабарланган. Андан соң поезддердин биринин эки вагоны рельстен чыгып кеткен. Учурда кырсыктын себептери такталууда.