www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Иш башкармалыгы «Кылым Банк» акцияларынын 100 пайызына ээ болду. Бул тууралуу банк Кыргыз фондулук биржасынын маалыматты ачыкка чыгаруу борборуна билдирген.
Эске салсак, буга чейин банктын бардык акциялары Финансы министрлигине таандык болчу.
Жалпы пакет 1 миллион жөнөкөй катталган акциядан турат. Банктын уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт.
Президент Садыр Жапаров банктын акцияларын Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө жарлыкка август айында кол койгон. Документке ылайык, бул чечим каржы мекемесинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.