www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гренландиянын чыгышындагы Жеймисон-Ленд аймагында 13 млрд баррелге чейин мунай запасы болушу мүмкүн. Бул тууралуу FOX Business басылмасы маалымдады.

АКШнын Greenland Energy Company компаниясы британиялык 80 Mile компаниясы менен биргеликте аймакта мунай чалгындоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо. Алгачкы скважинаны 2027-жылы бургулоо каралууда.

Бирок долбоор азырынча чалгындоо баскычында. Бургулоо иштерин баштоо үчүн Гренландиянын өкмөтү социалдык жана экологиялык таасирди баалоо боюнча уруксаттарды бекитиши керек.

Белгилей кетсек, Гренландия экологиялык кооптонуулардан улам 2021-жылдан тартып мунай жана газ казып алууга жаңы уруксаттарды берүүнү токтоткон.

Последние новости