www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын тогуз айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417,2 миң сом чогултту.
2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшкөн каражаттын көлөмү 214 млн 411,3 миң сомго көбөйдү.
Төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдүн өз убагында түшүшүн камсыз кылуу жана карыздарды өндүрүү боюнча иштер Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте улантылууда.
«Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы утилдештирүү жыйымын чогултуу жана өндүрүүчүлөр менен импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу багытында иш алып барууда.
Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтому менен керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон товарлардын жана алардын таңгактарынын 24 тобу бекитилген.
Кыргызстандын аймагына аталган топторго кирген товарларды импорттоодо жана тиешелүү продукцияны өндүрүүдө өндүрүүчүлөр менен импорттоочулар белгиленген талаптарды сактоого, анын ичинде утилдештирүү жыйымын өз убагында төлөөгө милдеттүү. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген.