www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган иш-чара Алайда өттү. Ал тууралуу эмнелерди айта аласыз?
— Баарыбызга маалым болгондой, акыркы мезгилде өлкө башчыбыз баш болуп, элибиз өзүнүн тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүгө өзгөчө маани берип, өзүбүздүн тарыхыбыз жөнүндө чындыкты тереңирээк билүүгө кызыккандардын саны барган сайын өсүүдө. Тарыхыбыздын актай барактарын архивдик жаңы табылгалар менен толтуруу үчүн тарыхчыларыбызга жана адистерибизге мамлекеттен каражаттар бөлүнүп, алар да ар тараптан материалдары иликтеп, өз иштерин улантууда. Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракесин өткөрүү дагы ушулар менен түздөн түз байланыштуу. Алымбек датка мамлекет катары аталган Кокон хандыгындагы таасирдүү адам болгон. Аны 27 жашында Мадалы хан ордого алдырып, парваначы даражасын берип, дайыма өзү менен бирге алып жүргөн экен. Мындайча айтканда, башкы вазир жана хандан кийинки экинчи адам. Андан беш жыл өткөндөн кийин, ал 32 жашка толгондо ага датка наамы берилип, Анжиянга бек катары дайындалат. Бектикке азыркы Анжиян, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун аймактары киргени айтылат. 1840-жылдардын башында ал борборду Анжияндан Ошко көчүрүп келет. 1862-жылы Мала ханды жок кылууга катышып, такка Шералы хандын он эки жашар жээни Шах Мурадды алып келип, хандык бийликти колго алып аталык аталган. Анын көсөмдүгү жана өз элинин келечегин ойлогондугу, саясатчы жана таасирдүү мамлекеттик ишмердүүлүгү Узун Агач жана Каскелең салгылашы деген ат менен тарыхта калган. Узун Агачта орус аскерлери менен ал баштап келген атчандары беттешкенде, түндүк кыргыздардын Кокон хандыгын жек көргөн маанайларын, алардын орустар менен болгон мамилесин көрүп, анүстүнө Ташкенттен келген Канат шаа менен пикир келишпей, ич ара чатак чыгып, мыкты куралданган орус аскерлери менен согушта бекеринен 15 миңге жакын кол алдындагы жигиттерин кыргынга учуратууну туура көрбөй, байыркы кытай стратеги Сунь Цзы “душманың күчтүү болсо, андан кач” дегендей, аскерлерин согушка катыштырбай, аларды өлүмгө учуратпай, майдандан чыгарып кеткен колбашчы.
— Алымбек датка “парваначы”, азыркы тил менен айтканда, генералдык наамга тете аскердик чинин биринчилерден болуп алган экен. Анын аскердик жүрүштөрү тарыхтын бүктөмүндө калбай, кийинки муунга толук жеттиби?
— “Парваначы” даражасына жогоруда айтканымдай ал 27 жашында жетиптир, бирок аны кээ бирлери генералдык наамга тете чин болгон дешсе, айрымдары буйрукту аткаруучу кызмат адамы дешет. Эгерде кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн карасак (335- бет) парваначы – Бухара хандыгынын убагында: кандын буйругун таратып берип туруучу мансап, кызмат адамы катары чечмеленип, Касымбековдун «Биринчи увазир Калназар парваначы көтөрүлүш чыгарып жаткан тоолуктардан белгилүү» деген сөзүнө таянып шилтеме берип, аны биринчи вазирдик кызматка тете экендиги белгилейт. Ушундай чечмеленген сөзгө таянсак, анда аны генералдык чини бар адамдан жогору турган хандыктын биринчи вазири десек туура го. Кандай болбосун, анын даражасы, наамы жана ээлеген кызматы Алымбек датканын хандыктагы жогорку даражалуу, таасирдүү адам болгонун айгинелеп турат. Анын аскердик жүрүштөрү боюнча бизге жеткен маалымат, мурда айтканымдай эле Узун Агач жана Каскелең салгылашы деген ат менен тарыхта калган эмеспи. Ошол учурдагы түндүк кыргыздар менен орустардын ортосундагы түзүлгөн кырдаалдын, орус аскерлеринин курал-жарактарынын артыкчылыктарынын жана Ташкенттен келген аскерлердин акыбалдарынын негизинде туура чечим чыгарып, түндүк-түштүктү бириктирүүгө, бир мамлекет курууга умтулганы белгилүү. Андагы согуш майданынан жоокерлерин алып чыгып кетип, көсөмдүк, көрөгөчтүк, акылдуулугу менен тарыхта калганынан башка анын аскердик жортуулдары боюнча маалыматтар өзүң айткандай тарыхтын бүктөмүндө калбаганын баарыбыз билебиз. Мүмкүн, мындан ары тарыхчыларыбыз, башка адистерибиз кудукту казгандай архивдик документтерди жана материалдарды изилдешип, кийинчерээк таап чыгышар.
— Эмнеге Алымбек датка курган медреселер сакталып калган жок?
— Алымбек датка – саясатчы, парваначы жана хандыктын таасирдүү кызмат адамы эле эмес, ал ишмер, эң мыкты агартуучу да болгон. 1844-жылдары аты чыккан архитекторлорду Кашкардан жана Самарканддан алдырып келип, кыргыз балдарын агартуу максатта баардык шарттары бар, кооз медресени Ош шаарында курдурат. Тилекке каршы, Совет бийлигинин жүргүзгөн идеологиясынын кесепетинен медреселер жоюлуп, анын имараттары башка нукта пайдаланылып, бүгүнкү күнгө сакталбай калган. Бул жерде совет бийлиги жөнүндө бир ооз сөз айтып кетпесем, эл арасында туура эмес түшүнүк пайда болуп калышы ыктымал. Совет бийлиги медреселерди жойгону менен алардын ордуна ар бир айыл-кыштакка мектептерди курдуруп, элибизге светтик билим берип, жаштарыбызды жана элибизди агартып, билим берүүгө басым жасап, өлкөбүздүн пайдубалын бекемдеп берүүгө жетишти. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” аттуу повести ага далил эмеспи. Азыркы учурда медреселер эле эмес ошол багыттагы университеттер дагы ачылып, элибиздин ар тараптан билим алууларына шарттар түзүлүүдө. Мына ушундай учурда Алымбек датка салган медреселерди калыптандырып, тарыхый эстелик катары кийинки муундарга калтырсак, элибиз үчүн эле эмес өлкөбүз үчүн да пайдалуу болмок. Буга кошумча, Ош шаарында азыркы жасалып жаткан иштерди улантып, ал жерде жайгашкан Сулайман тообузду реконструкция кылып кооздосок, туристтер менен зыяратчылар арбын келишине шарт түзүлүп, өлкөбүздүн эл аралык аброю дагы жогорулап, Кыргызстандын аты дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жетип, экономика тараптагы болуп жаткан ийгиликтерибизди дагы жетишкендиктер коштомок деген ойдомун.
"Азия Ньюс" гезити